Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге минтип айтып жатат: эгер ал бизди кайсы бир иштен тыйса, биз эч бир каяшасыз дароо тыйылышыбыз зарыл. Ал эми ал бизди кайсы бир ишке буйруса, ал ишти алыбызга жараша гана аткарабыз. Андан кийин мурда жашап өткөн кээ бир элдерди эскерип, алар пайгамбарларына көп суроо берип, каршы чыгып, акырында ошол себептүү Аллах Таала аларды кыйратып жок кылганын айтып, ошолор сыяктуу болбогула деди.