Маъдан бин Абу Талха Йаъмари (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кызматчысы Савбанга жолугуп: Анын себеби менен Аллах мени бейишке киргизе турган амалды айтчы? - деп айттым. Же Аллахка эң сүйкүмдүү амалды айтчы деп сурадым окшойт. Ал унчукпай койду. Мен дагы сурадым. Ал бул жолу да унчукпады. Үчүнчү жолу сураганымда, ал: Бул амал тууралуу Аллахтын элчисинен мен да сураганмын. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Аллах Таалага көп сажда кылгын. Сажда кылганың сайын сенин даражаңды көтөрүп, катаңды өчүрөт". Маъдан айтат: Кийин Абу Дардага жолугуп, андан да ошол эле суроону сурадым. Ал мага Саубан айткандай эле жооп берди. Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган
explain-icon

exp

Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бейишке кирүүгө себеп боло турган же Аллах Таалага сүйкүмдүү болгон амал тууралуу сурашты. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Көбүрөөк сажда кылууга аракет кыл. Сен Аллахка ар бир сажда кылганыңда, ал үчүн сенин даражаңды көтөрүп, күнөөңдү өчүрөт - деди.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Мусулман адам парз жана нафил намаздарды такай окушу керек, анткени намаздын ичинде сажда бар.
  • Сахабалар бейишке Аллахтын ырайымынан кийин амал аркылуу гана жетүүгө болорун жакшы билишкен.
  • Намаздын ичиндеги саждалар - даражанын көтөрүлүшүнө жана күнөөлөрдүн өчүрүлүшүнө чоң себеп болот.