explain-icon

exp

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким сүннөт жана мустахаб амалдарына көңүл буруп даарат алса, бул анын күнөөлөрүнүн кечирилүүсүнө, каталарынын өчүрүлүүсүнө себеп болорун кабарлаган. Күнөө-каталары тырмактарынын астынан чыгып кеткенче өчүрүлөт.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Дааратты анын сүннөтү, мустахабы менен үйрөнүүгө аракеттенүү жана аны иш жүзүндө аткаруу зарыл.
  • Даараттын артыкчылыгы, ал майда күнөөлөргө каффарат (кечирим) болот. Ал эми чоң күнөөлөргө тообо кылуу менен гана кечирилет.
  • Каталардын өчүүсүнүн шарты - дааратты жеткиликтүү алуу жана пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлагандай кемчиликсиз аткаруу.
  • Бул хадистеги күнөөлөрдүн кечирилүүсү чоң күнөөлөргө жакындабоого жана ага тообо кылууга байланышкан. Анткени, Аллах Таала: "Эгер тыюу салынган чоң күнөөлөрдөн алыс болсоңор, силердин майда күнөөлөрүңөрдү кечиребиз" - деген. (Ниса, 31-аят).