Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Кимде-ким Кадыр түндү ыйман келтирген абалда жана сооп үмүт кылып (ибадат менен) өткөрсө, анда анын өткөн күнөөлөрү кечирилет». Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
explain-icon

exp

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Рамазан айынын акыркы он күнүндө болгон Кадыр түндү тосуунун пазилетин кабарлады. Ошондой эле кимде-ким ал түндө намаз окуу, дуба кылуу, Куран окуу жана зикир кылуу менен алек болуп, Кадыр түндүн болоруна, ал тууралуу келген пазилеттерине ыйман келтирип, кылган иш-аракеттери үчүн Аллахтан гана сооп-сыйлык үмүт кылып, жоро көрсүн жана эл уксун дебестен өткөрсө, анда анын мурунку күнөөлөрү кечирилишин кабарлады.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Кадыр түндүн пазилети жана аны тосууга үндөө.
  • Жакшы иш-аракеттер туура ниет кылуу менен гана кабыл болот.
  • Аллахтын пазилеттүүлүгү жана Анын ырайымдуулугу. Анткени кимде-ким Кадыр түндүн болоруна ыйман келтирип жана сооп үмүт кылып өткөрсө, анда анын өткөн күнөөлөрү кечирилет.