Ибн Аббас (ага Аллах ыраазы болсун) бала кезинде Пайгамбаыбыздын улоосуна учкашып бара жатканын кеп кылат. Ошондо Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: «Мен сага Аллах сага пайда бере турган иштерди жана нерселерди үйрөтөм» - деп төмөнкүлөрду айтат: Аллахтын буйруктарын аткаруу менен жана тыюу салган нерселеринен сактануу менен Аллахтын шариятын сакта. Аллах сени жакшы амалдардын, ибадаттардын үстүндө көрсүн. Сени күнөөлөрдүн үстүндө көрбөсүн. Ушуларга амал кылсаң, анда мунун сыйлыгы Аллах сени дүйнө жана акырет кыйынчылыктарынан сактайт, кайда болбогун иштериңе жардам берет. А эгер бир нерсе сурагың келсе, анда Аллахтан гана сура, анткени сурагандарга Ал гана жооп берет. А эгер жардам кааласаң, анда Аллахтан гана жардам сурап, Ага таян. Сенде ушундай ишенич болсун, эгерде бүткүл жер жүзүндөгү бардык адамдар сага пайда берүү үчүн бириксе да алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана пайда бере алышат. Ошондой эле бүткүл жер жүзүндөгү бардык адамдар сага зыян берүү үчүн бириксе, алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана зыян бере алышат. Чындыгында, бул иш Аллах Таала тарабынан жазылган жана Анын даанышмандыгынын жана илиминин талабына ылайык тагдыр кылынган. Аллах жазып койгон нерседе эч кандай өзгөртүү болбойт. Кимде-ким Анын буйругун аткарып, тыйганынан тыйылып Аллахтын динин сактаса, Аллах Таала анын жанында болот, т.а. ал эмнеге муктаж экенин билет, ага жардам берип, колдойт. Эгерде инсан жайчылык жашоодо Аллахты эстеп, Ага таат-ибадат кылса, кыйынчылыкта Аллах ага жеңилдик берип, эшик ачат. Ар бир инсан Аллахтын жакшы жана жаман тагдырына ыраазы болсун. Кыйынчылык, мээнеткечтик адамдан сабырды талап кылат. Сабыр ийгиликтин ачкычы. Кыйынчылык күчөгөндө Аллахтан жардам келет. Кыйынчылыктын артынан Аллах Таала жеңилдикти келтирет.