Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эң чоң күнөөлөр тууралуу суралды эле, ал мындай деди: Күнөөнүн эң чоңу - чоң ширк. Чоң ширк - бул, Аллахка Анын улухиятына же рубубиятына же ысым-сыпаттарына башканы окшоштуруп, шерик кылып алуу. Бул күнөөнү Аллах Таала тообо аркылуу гана кечирет. Эгер ширк кылып жүргөн адам тообо кылбай өтүп кетсе, анда ал тозокто түбөлүк калат. Андан кийинкиси багуудан коркуп баласын өлтүрүү. Адам өлтүрүү арам. Ал эми өлтүрүлгөн адам өлтүрүүчүнүн канынан бүткөн адам болсо, анын күнөөсү мындан да оор. Анан да эгер өлтүрүүчүнүн өлтүрүүдөгү максаты өзүн ырыскы берүүдө Аллахка шерик кылып алып, ырыскы бере албайм деп коркон учурда болсо күнөө ого бетер оорлойт. Андан кийинкиси кошунасынын аялы менен зына кылуусу, кошунасынын аялына кыянаттык кылуу менен зына кылып, аны өзүнө көндүрүп алуу. Зына кылуу арам. Бирок шарият жакшылык кылууга жана жакшы мамиледе болууга үндөгөн кошунанын аялы менен зына кылуу күнөөнү ого бетер оорлотот.