Ибн Аббас, радыяллаху анхума, Ыйык Курандын сүрөөлөрү Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, түшүрүлгөндө ага «Бисмиллахир Рохманир Рохиим» аяты түшүрүлмөйүнчө сүрөөнүн бөлүнүшүн жана бүткөнүн билбей турганын айтты. Качан бул аят келгенде бир сүрөө аяктаганын жана жаңы сүрөөнүн башталганын билген.