Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эркектерди жибектин кайсы түрү болбосун, андан тигилген кийимдерди кийүүдөн тыйган. Ошондой эле эркектерди жана аялдарды алтын жана күмүш идиштерден ичип-жегенден тыйган. Мусулмандар Аллахка баш ийип, дүйнө жашоосунда алтын менен күмүштөн жасалган идиштерди пайдаланбаганы үчүн акыретте мындай идиштер мусулмандар үчүн гана болорун кабарлаган. Ал эми каапырларга акыретте алтын күмүштөр берилбейт. Анткени, алар бул дүйнө жашоосунда аларды пайдаланышты жана Аллахтын буйругуна каршы болушту.