Умар (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким бул дүйнөдө жибек кийим кийсе, акыретте аны кийбейт". Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
explain-icon

exp

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул дүйнөдө жибек кийим кийген эркек жаза катары акыретте аны кийбестигин айткан.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Жибек дегени таза табигый жибек. Ал эми колдо жасалма жибек болсо эч нерсе болбойт.
  • Жибек кийим кийүү эркектерге гана тыюу салынган.
  • Жибекти кийүүдөн тыюу аны кийүүнү жана жерге төшөп ага отурууну, жатууну да камтыйт.
  • Кийимдин кээ бир бөлүгү, тагыраагы, бир сөөмдөн ашпаган жеринде белги катары тигилген же жээктелген жибек болсо, эч нерсе эмес.