Сахаба аялдардын бири Умму Атия (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) заманында айыз көрүп бүткөндөн кийин келген өңү кызгылтым жана саргыч сууга айыз деп маани беришпегенин, ал үчүн намазды да, орозону да калтырышпаганын айткан.