Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтат: кимде-ким парз, сүннөт, мустахабдарын калтырбай толук аткарып даарат алса, анан жума намазын окуу үчүн мечитке барып, кутпа айткан кишини унчукпай угуп отурса, керексиз сөз сүйлөбөсө, Аллах Таала анын он күндүк майда күнөөлөрүн кечирет. Өткөн жумадан бул жумага чейинки жети күн андан сырткары дагы үч күндүк күнөөлөрү кечирилет. Анткени жакшылыктын сообу он эсеге көбөйтүлүп берилет. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кутпадан алагды кыла турган иштерди кылуудан тыйып эскертти. Кимде-ким денесине тийген майда таштарды тазалаган сыяктуу адамды алагды кыла турган иштерди кылса, ал жуманын толук сооп-сыйын алуудан куру калат.