Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хадисте мындай деп кабар берип жатат. Тууганчылык байланышты толук кандуу аткарган адам жана жакындарына жакшылык кылган адам - ал көргөн жакшылыкка жараша жакшылык менен жооп берген адам эмес. Тескерисинче, ал жакын туугандары аны менен тууганчылык байланышты үзүп ага жамандык кылышса да алар менен тууганчылык байланышты күчөтүп, тууганчылык байланышты толук кандуу бекемдеген адам. Анткени ал жакын туугандарына жакшылык менен жооп берип жатат.