Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын заманынан кийин келе турган үммөтүнүн кээ биринин абалын сүрөттөгөн. Алар жөөттөр менен христиандардын акыйда-ишенимин, кылган иш-аракеттерин, адаттарын, каада-салттарын дал ошолордой кылып изме-из, карышына-карыш ээрчишет. Атүгүл, алар кескелдириктин ийинине кирип кетишсе, алардын артынан ээрчип булар да киришет.