Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким каапыр, бузуку же жакшы бир коомго өзүн окшотуп, аларга тиешелүү болгон акыйдаларынан, ибадаттарынан же үрп-адаттарынан бир нерсени аткарса, анда ал алардан болот. Анткени аларга өзүн-өзү сыртынан окшотуу алардын ички дүйнөсүнө да окшошуп калууга алып барат. Адамдарды тууроо аларга суктануунун натыйжасы экени талашсыз. Бул аларды сүйүүгө, аларды улуулоого, аларга таянууга алып келиши мүмкүн. Ал тургай ички ишениминде да жана ибадатта да аларга окшошууга алып келиши мүмкүн. Аллах андай болуудан сактасын.