Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ыймандууларды жакшы иш-амалдарды шашылып аткарууга үндөгөн. Аларды жакшы иш-амалдардан алаксыта турган, же такыр эле аткартпай тосо турган фитна, шек-күмөндүү жаман иштер пайда болорун айткан. Ал учур түндөй караңгы, анда чындык менен жалган аралашып кетет. Адамдар ак менен караны ажырата албай калат. Азгырыктын күчтүүлүгүнөн эртең менен эле ыймандуу болуп турган адам, кечинде каапыр болуп калат. Кечинде ыймандуу болуп турган адам, эрте менен каапыр болуп калат. Убактылуу, жок болуп кете турган кайсы бир дүйнө кызыкчылыгы үчүн динин таштап коюшат.