Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул хадисте чоң күнөөлөрдү баяндап жатат. Ал чоң күнөөлөрдү аткарган адам бул дүйнөдө да, акыретте да катуу азап менен азапталат. Чоң күнөөлөрдүн биринчиси: "Аллахка шерик кошуу". Бул ибадаттын кандай түрүн болсо да Аллахтан башкага арноо жана Аллахтан башканы Аллахтын сыпаттары болгон улухияда, рубубияда, Аллахтын ысым-сыпаттарында Аллах менен теңөө. Экинчиси: Ата-энени нараазы кылуу. Ата-энеге сөз менен болсо да, кыймыл аракет менен болсо да зыян жеткирүү жана аларга жакшылык кылууну таштоо. Үчүнчүсү: Душмандык кылып жана зулумдук менен адам өлтүрүү сыяктуу адилетсиздик менен адам өлтүрүү. Төртүнчүсү: Жалгандан касам ичүү. Бул калп айтып жатканын билип туруп жалгандан касам ичүүсү. Ушул "жалгандан касам ичүү" деп аталат. Анткени ал жалгандан касам ичип жаткан адамды күнөөгө же тозокко батырып салат.