Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: мусулман адам напсисине келген жаман ойду ишке ашырбаса жана эч кимге айтпаса, ал үчүн жазаланбайт. Аллах Таала аны кечирет. Мухаммад пайгамбардын үммөтүнөн эч ким кыялына келген жаман ишти аткарууда эки анжы болуп, аны аткарууга толук бел байламайынча ага жооп бербейт. Эгер жүрөгү менен текеберликке, менменсинүүгө, эки жүздүүлүккө же кайсы бир дене мүчөсү менен күнөө кылууга толук чечим кылса же тили менен айтса, анда анысына жооп берет.