Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялынын жыныстык кумарын кандырууга жарактуу жана аны каржылоого мүмкүнчүлүгү бар жигиттерди батыраак үйлөнүүгө үндөгөн. Анткени, үйлөнүү адамды көзүн арамга артуудан, зынага же башка бузук ишке баруудан сактайт. Ал эми нике менен бүлөсүн каржылоого мүмкүнчүлүгү жок бирок жыныстык катнашка жарактуу болсо, анда аны орозо кармоого үндөйт. Анткени, орозо адамдын кумар каалоосун басаңдатат.