Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын кудусий хадисте минтип айтканын кабарлайт: Адам баласынын бардык амалдарынын сообу он барабардан жети жүз барабарга чейин көбөйтүлөт. Бирок орозо андай эмес. Анткени, орозодо эл көрсүн деген ниет болбойт, орозону Мен үчүн гана кармайт. Ошон үчүн анын сооп-сыйын Мен Өзүм гана билген өлчөмдө беремин. Анан минтип айтты: (Орозо - бул, калканч) тозоктон сактаган коргон, көшөгө, сактоочу. Анткени орозо шахваттардан тыйып, күнөөдөн тосот. Ал эми тозок шахваттар менен курчалган. (Орозо кармаган адам бузук ишке барбасын) бузук сөздөрдү сүйлөбөсүн, жыныстык катыш же ага алып бара турган иштерди кылбасын. (Талашып-тартышпасын) талаш-тартыш, үнүн көтөрүп кыйкырышкандан этият болсун. Орозо айында (эгер аны бирөө сөгүп, же мушташмакчы болсо), мен орозо туткан кишимин деп айтсын. Ошентсе, уруштан тыйылып калат. Эгер тыйылбай кол салса, мүмкүн болушунча жеңилирээк коргонсун. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жаны колунда турган Аллахтын аты менен касам ичип, орозо кармаганы себептүү оозунун жыты өзгөрүп калса, кыямат күнү ал Аллахтын алдында мисктин жытынан да жыттуу болорун, жума намаздарында жа зикир кылынган отуруштарда колдонуулусу мустахаб болгон мисктин сообунан көп сооп бериле тургандыгын айткан. Орозо кармаган адам үчүн эки учурда кубаныч болот: ооз ачкан учурда, ооз ачууга уруксат берилип, чаңкоосу жана ачкалыгы кеткени үчүн. Орозосун бүтүргөнүнө, ибадатын толук кылганына, Раббисинен жеңилдик болгонуна жана кийинки күндүн орозосун кармоого жардам болгондугуна кубанат. (Раббисине жолукканда, орозо тутканы үчүн кубанат) Анын сыйына жана соопторуна жеткени үчүн.