explain-icon

exp

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мисвакты көп колдончу жана колдонууга буйручу. Мисвакты колдонууну кээ бир убактарга бекемдеп айтчу. Мисалы: түндө уйкудан турган учурда. Бул учурда өзү да мисвак менен оозун тазалачу.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Уйкудан турганда оозду мисвак менен тазалоо зарыл. Анткени, уйкуда ооз жыттанып калат, ал эми мисвак аны жакшы тазалайт.
  • Ушуга карай, ооз жыттанган учурдун баарында мисвак колдонуу шарияттын талабы.
  • Негизи эле оозду таза кармоо шарияттын талабы. Бул пайгамбардын сүннөтү жана жакшы адеп.
  • Мисвак менен оозду тазалоо тишке, тилге, тиштин мүлктөрүнө тиешелүү.
  • Мисвак - Арак деп аталган дарактын тамырынан жасалат. Ал оозду жаман жыттан арылтууга, тишти тазалоого, оозго жакшы жыт берүү үчүн пайдаланат.