Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Ислам дининдеги беш сыпатты жана элчилердин сүннөттөрүн баяндады. Биринчиси: сүннөткө отургузуу. Бул балдардын жыныс мүчөсүнүн баш жагындагы ашыкча терисин жана кыздардын жыныс мүчөсүнүн кынынан жогору жагынан кесип алуу. Экинчиси: жыныс мүчөлөрдүн айланасындагы түктөрдү кыруу. Үчүнчүсү: мурутту кыскартуу. Эрин көрүнгүдөй кылып эркектин үстүнкү эрининен жогорунда өскөн мурутту кыскартып алуу. Төртүнчүсү: тырмактарды алуу. Бешинчи: колтуктагы түктөрдү жулуу.