Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар түрдүү максатта согушка чыккан адамдар тууралуу сурашты. Баатырдыгы үчүн, коргонуу үчүн, адамдарга көрүнүү үчүн ж.б. максатта чыккан адамдардын кимиси Аллахтын жолунда болот? деп сурашты. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Ким Аллахтын сөзү бийик болсун деп согушса, ошол Аллах жолунда согушка чыккан болорун айтат.