explain-icon

exp

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялдын никесинде валий жок болсо никеси жараксыз экенин баяндады.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Валийдин никеде болушу никенин жарактуу болушунун шарты болуп саналат. Ошондуктан эгерде аялдын валийи жок болсо, же аял өзү эле нике кыйдырып алса, анда никеси жарабайт.
  • Валий аялга эң жакын эркек туугандарынан болот. Ошондуктан аялдын жакын туугандарынан болгон валийи бар болсо, анда алыс туугандарынан болгон валийи аны никелеп турмушка бере албайт.
  • Валий болуунун шарттары: валий шарият өкүмдөрүн аткара алышы, эркек киши болуусу, никенин жол-жобосун айырмалап билүүсү жана аял менен валийдин дини бир болушу керек. Кимде-ким бул сапаттар менен мүнөздөлбөсө, анда никеде валий болууга жарактуу эмес.