Ибн Умар (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси аны ийнинен кармап: Бул дүйнө жашоосунда бөтөн жерлик адамдай бол. Ал башка жерден келген, жашаганга турагы жок, Жаратуучуга ибадат кылуудан алагды кыла турган бала-чака, үй-бүлөсү да жок. Же андан да өткөн өз мекение бара жаткан жолоочу сыяктуу бол. Бөтөн жерлик адам бөтөн жерде отурукташып жашап калышы мүмкүн. Ал эми мекенине бара жаткан жолоочу андай эмес. Ал эч жерге токтобойт, мекенине батыраак жетүүгө аракет кылат. Ошондой эле жолоочу киши өзүнүн жолуна жеткидей каражаттан ашык каражатка да муктаж эмес. Ошол сыяктуу ыймандуу адам дагы бул дүйнө жашоосунда жашоосуна жеткидей каражаттан ашыкчага муктаж эмес. Ибн Умар бул насаатка амал кылып аны иш жүзүндө аткарып: Таңды аттырсаң, кечти, кечти киргизсең таңды күтпөгүн. Өзүңдү кабырдагылардын биримин деп эсепте (ошого даярдан). Анткени, өмүрдө ооруу-сыркоо деген болот - дечү. Ооруп калганга чейин дени карды соо күндөрүңдө ибадат кылып кал. Тирүүлүгүңдү пайдаланып, өлгөндөн кийин пайдасы тие турган амалдарды аткарып кал.