Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) нерселерге байланыштуу жалпы айтылган эрежени ачыктап жатат. Ал эреже шариятта үчкө бөлүнөт: Ачык-айкын адал, ачык-айкын арам жана өкүмдө адалдык жана арамдык жагынан ачык-айкын болбогон күмөндүү иштер. Анын өкүмүн көп адамдар биле бербейт. Демек кимде-ким ошол күмөндүү нерселерди таштаса, анда анын дини аны арамга түшүп калуудан сактайт жана анын намысы бул күмөндүү иштерди жасаган себебинен аны айыптаган адамдардын сөзүнөн аман болот. Кимде-ким күмөндүү нерселерден алыстабаса, анда ал же арамга түшүп калат, же адамдар анын намысына тийишет. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) күмөндүү нерселерди аткарып койгон адамдын абалын баяндоо үчүн мисал келтирди. Бул кожоюну коргогон жердин жанында малын жайып жүргөн чабанга окшош. Чабандын малы бул коруктун жанына жакын жайгашкандыктан, жайылып ага өтүп кетүүсүнө аз калат. Ошондой эле, кимде-ким күмөндүү бир ишти кылса, анда ал арамга жакындайт да ал арамга түшүп калышына аз калат. Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) денеде бир үзүм эт бар экенин, (ал жүрөк) ал оңолсо, дененин баары оңолоорун жана ал бузулса, дененин баары бузулаарын кабар берди.