Бир киши Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип сурайт: Биз балык уулап, же соода кылып же башка иштер менен кемеде көп жүрөбүз. Жаныбызда иче турган таза суубуз аз болот. Эгер ал сууну даарат же гусул үчүн пайдалансак, ичкенге суу таппай калабыз. Бизге деңиздин суусунан даарат алганга болобу? Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип жооп берди: Деңиздин суусу таза, тазалаганга да жарактуу. Ага даарат алууга да, жуунууга да болот. Суу бетине чыгып калган кит, балык жана башка деңиз жандыктары жегенге да адал. Кармалбай, өлүп суу бетине калкып чыгып калса деле адал.