Али бин Абу Талиб (ага Аллах ыраазы болсун) айткан: "Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сол колуна жибекти, оң колуна алтынды кармап, колдорун өйдө көтөрүп, анан: "Бул экөөсү үммөтүмдүн эркектерине арам, аялдарына адал болду" - деди. Сахих (ишенимдүү) - رواه أبو داود والنسائي وابن ماجه
explain-icon

exp

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жибек кийимди же анын бир үзүмүн сол колуна алып, алтындан жасалган кайсы бир жасалганы оң колуна алып, анан: Жибек менен алтынды кийүү эркектерге арам. Ал эми аялдарга экөө тең адал - деди.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Ас-Синдий минтип айткан: Арам дегенден максат, аларды кийим катары колдонууга арам. Ал эми соода-сатык ишинде, иштетүүдө, каржылоодо колдонуу эч кимге арам эмес. Бирок алтынды идиш катары пайдалануу баарына (аял, эркекке) бирдей арам.
  • Аялдардын зыйнатка ж.б. муктаждыгы болгон үчүн шарият аларга мүмкүнчүлүк берген, бул шарияттын кенендигинен.
explain-icon

more