Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сапарда баратып, Аммар бин Ясирди бир ишке жумшайт. Ал аялына кошулуппу, же (түшүркөп) кумарлануу менен уруктугу чыгып кетиппи, айтор жунуб болуп калат. Анан жунубдуктан жуунганга суу таба албайт. Ал жунубдукка таямум кылуунун өкүмүн билбейт эле. Кичи дааратка таямум кылуунун өкүмүн билчү. Анан өзүнчө изилденип ижтихад кылып, кичи дааратка таямум кылганда жуула турган мүчөлөрүнө топурак сүрткөн сыяктуу, жунубдукка таямум кылганда бүт денеге топурак сүртүү керек го деп ойлойт. Анан денеси менен топуракка буланып, намаз окуйт. Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келгенде, кылганы туура, же туура эмес экенин билүү үчүн аны пайгамбарга айтат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага заара ушатуу сыяктуу жеңил дааратсыздыктан да, жунубдук сыяктуу оор дааратсыздыктан да таямум менен тазалануунун жолун үйрөтүп баяндап берет: ал мындай кылат, алгач эки алаканын топуракка чаап, анан сол колу менен оң колун сылап, эки колунун үстүн жана бетин сылайт.