Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бир балакат жаш курагына жеткен мусулман таза ден-соолугуна шүгүр иретинде Аллах үчүн күн сайын дене мүчөлөрүнүн санынча садага бериши керектигин айткан. Бул садагалар мал-мүлктөн гана бере турган садага эмес, жакшы иштердин баарына тиешелүү садагалар. Алардын кээ бири төмөнкүлөр: Урушкан эки адамды жараштырып коюу - садага. Алсыз болгон бирөөнү улоосуна мингизип, жүгүн артып берүү да - садага. Дуба, зикир же салам айтуу сыяктуу жакшы сөздөрдүн баары - садага. Мечитке карай таштаган кадамдын баары - садага. Зыяны тие турган нерсени жолдон алып таштоо - садага.