Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Рамазан айынын башталышынын жана бүтүүсүнүн белгиси тууралуу баяндап: Эгер Рамазандын айын көрсөңөр орозо туткула. Эгер күн бүркөк болуп ай көрүнбөй калса, анда Шаабан айын эсептеп отуз күн болгондо орозо кармай бергиле. Эгер Шаввалдын айын көрсөңөр оозуңарды ачкыла. Күн бүркөө болуп ай көрүнбөй калса, Рамазанды эсептеп отуз күн болгондо орозону бүтүрө бергиле.