explain-icon

exp

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдын жүрүм-туруму, адаттары жакын досуна окшошуп каларын айткан. Достук адамдын жүрүм-турумуна, адеп-ахлагына, иш-аракеттерине таасирин тийгизет. Ошон үчүн досту жакшылап карап тандоого чакырган. Жакшы адам досунун ыйманына, туура жолдо жүрүүсүнө жана жакшы иштерди кылуусуна далил болот жана аны колдоп турат.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Жакшы адамдар менен болуп, алар менен маектешип жүрүүгө буйруп, жаман адамдарга жакын болуудан тыйган.
  • Мында жакын тууган жөнүндө эмес, дос жөнүндө гана айтылган. Анткени, досту тандоого болот. Ал эми тууганды тандай албайсың.
  • Кимдир бирөөгө жоро-жолдош болуудан мурда пикир кылып, ойлонуу керек.
  • Ыймандуу адамдар менен бирге болуп, алар менен маектешкен адам динин бекемдейт. Ал эми фасык жана бузуку адамдар менен маектешкен адамдын дини алсыздайт.