Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтү үчүн эң корккон иш: кичине ширк экенин кабарлаган. Ал: Рия, б.а. адамдар үчүн амал кылуу. Андан кийин рия кылган адамдардын кыямат күнүндөгү жазасын кабарлаган. Аларга "Ким үчүн амал кылган болсоңор, ошого баргыла жана карагыла, алар силерге амалыңарга жараша сооп бере алар бекен" деп айтылат.