Ибн Масуъд: «Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ал айтканында чынчыл жана тастыкталган» - деп айтты. Анткени ал Аллах Таала тарабынан тастыкталган эле. Пайгамбар айтты: «Силердин жаралууңар бир канча күндө бириктирилет». Себеби эркек аялы менен жакындык кылса, анын чачылган уругу аялдын жатынында кырк күндө жыйналат. Анан ал «Алака» болот. Ал коюу, катуу кан. Бул экинчи кырк күндүк убакытта болот. Анан ал мудгага айланат. Ал бир кесим эт. Бул үчүнчү кырк күндүк убакытта болот. Андан кийин Аллах ага периштени жиберет. Ал периште үчүнчү кырк күндөн кийин ага рух үйлөйт. Периште төрт сөздү жазууга буйрулат: Анын ырыскысы. Ал бул жашоосунда канчалык өлчөмдө ала турган ырыскысы жазылат. Анын ажалы: анын бул дүйнөдө жашай турган мөөнөтү жазылат. Ал эми анын иш-аракеттери жана анын кандай иш-аракет экендиги жазылат. Ошондой эле анын бактысыз же бактылуу экендиги жазылат. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ант ичип мындай деп айтты: «Бир адам бейиш ээлеринин амалдарын жасайт жана анын амалдары адамдарга салих амалдар болуп көрүнөт. Аны менен бейиштин ортосунда бир чыканактай аралык калгыча ал жакшы амалдарды аткарып жүрөт». Ал менен Бейиштин ортосундагы бир чыканактай гана аралык калгандан кийин жазылган китеби жана белгиленген тагдыры ага үстөмдүк келип, ал тозок элинин амалын кылат жана ал амалдары анын жашоосундагы акыркы амалдары болуп тозокко кирет. Анткени, анын кылган иш-аракеттеринин кабыл болушунун шарты – аны туруктуу, өзгөртпөй аткарып жүрүүсү керек. Ал эми адамдардын кээ бирлери тозок ээлеринин амалдарын тозокко кирүүгө жакындаганга чейин аткарат жана тозок менен анын ортосунда чыканактай аралык калат. Ошондо жазылган китеби жана белгиленген тагдыры үстөмдүк кылат. Ошондо ал бейиш ээлеринин амалдарын жасап, бейишке кирет.