Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Периштелер ит жана коңгуроо бар кербенге (жолоочуларага) жолдош болбойт" Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган
explain-icon

exp

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кербенде ити бар, же жаныбарлар басканда шыңгырап турчу коңгуроосу бар адамдарга периштелер сапарда жолдош болбостугун айткан.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Итти багууга жана аны жолго ээрчитүүгө тыюу салынган. Бирок аңчылык жана кароолчулук үчүн багылса уруксат.
  • Адамдарга жолдош болбой койгон периштелер булар ырайым периштелери. Ал эми сактоочу (жазуучу) периштелер, алар адамдар үйдө болобу, жолдо болобу эч ажырабайт.
  • Коңгуроо тагууга тыюу салыган. Анткени, ал шайтандын кернейи, мында христиандардын коңгуроосуна окшоштук бар.
  • Мусулман адамга аны периштелерден алыстата турган иштердин баарынан этият болуусу зарыл.