Суфян бин Абдулла деген сахаба (Аллах андан ыраазы болсун) пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага жалпы Ислам маанисин камтыган сөздү үйрөтүүсүн суранып, аны бекем кармап, ал жөнүндө башка эч кимден сурабастыгын айтат. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: Аллахты жалгыз деп билем, Ал менин Раббим, Кудайым, Жаратуучум жана эч шериги жок Ибадат кылуучум деп айткын - деди. Кийин Аллахтын парз буйруктарын аткарып, Ала тыйган тыюулардан тыйылып, Аллахка баш ийүүгө, анан ушул жолдо такай жүрүүгө буйруду.