explain-icon

exp

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) азан менен икооматтын ортосунда дуба кылуунун артыкчылыгын баяндаган. Бул дуба артка кайтарылбайт жана кабыл болууга жакын. Ушул убакта Аллахка дуба кылгыла.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Дуба кылуу үчүн ушул убак артыкчылыктуу.
  • Дуба кылуучу адам дубанын адебин сактап, дуба кабыл боло турган орундарды жана убактарды максат кылып, Аллахка күнөө кылуудан алыс болуп, шек-күмөндөн напсисин этияттап, дубам кабыл болот деп Аллахка жакшы күмөн кылып дуба кылса, Аллахтын уруксаты менен анын дубасы кабыл болууга татыктуу болот.
  • Ал-Мунавий дубанын кабыл болуусу жөнүндө минтип айткан: Б.а. дубанын шарттарын, рүкүндөрүн, адептерин бүт аткаргандан кийин дуба кабыл болот. Эгер булардын кайсы бири аткарылбай калса, адам өзүн гана айыптасын.
  • Дубанын кабыл болуусу: же анын сураганы дароо берилет, же анын ордуна андан бир жамандык арылтылат, же акыретке калтырылат. Мунун баары Аллахтын ырайымы жана даанышмандыгы менен болот.