Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: түндүн акыркы үчүнчү бөлүгүндө Аллах Таала пендеге эң жакын болгон учуру. О, ыймандуу пенде, эгер ушул убакта намаз окуп, зикир чалып, тообо кылуучу адамдардын катарында болууга чамаң жетип, колуңдан келип турса, анда бул убакты текке кетирбей, аны пайдаланып калууга тырыш.