Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизди дүйнөлүк жана диний иштерде пайда алып келүү жана зыяндан сактануу үчүн Аллах Таалага таянууга үндөп жатат. Анткени Аруу Аллах Тааладан башка эч ким бере да албайт, тыйып да коё албайт жана зыян да, пайда да жеткире албайт. Качан биз пайда алып келе турган жана зыяндан сактай турган себептерди Аллахка чын ыкластан таянып аткарсак, анда Аллах бизге эртең менен курсагы ач чыгып, кечинде курсагы ток кайткан чымчыкка ырыскы бергендей ырыскы берип коёт. Чымчыктын бул кылганы - башкаларга таянбастан, жалкоолук кылбастан ырыскы издөөдөгү себептердин бир түрү.